super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөрдү" улутташтыруу эң оңой иш болчу, бирок мен өлкөнүн азыркы абалын ойлодум" - дейт өкмөт башчы

 

"Кумтөрдү" улутташтыруу премьер-министр катары мага эң оңой иш болчу, бирок мен өлкө экономикасын ойлоп андай кыла алган жокмун",- дейт өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында. Айтымында, "Центерра" "Кумтөр" боюнча мурунку келишимдерди денонсациялоого макул, бирок компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. "Өкмөттүн компенсация төлөп берүүгө чамасы жок. Кыргызстанда азыр "Кумтөрдүн" ордун алмаштыра турган бир да ири ишкана жок. Денонсация кылып койсок эртең мугалимдерге, дарыгерлерге, пенсионерлерге каяктан акча таап беребиз",- деди Сатыбалдиев. Жогорку Кеңеште аталган маселе боюнча өкмөт сунуштаган жаңы долбоор талкууланууда.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: