super.kg logo

Вице-премьер: "Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш"

 

"Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш", - деп вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалыш фактысы боюнча ушундай пикирин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

" Бул мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук. Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле. Менталдык четтөөлөргө шектелген жактарды балдар менен иш алып барууга жол берилбеши керек", - деди Эльвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр орун алган окуя боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: