super.kg logo

ИИМ массалык иш-чараларды чагылдырууда журналисттерди өздөрүнүн коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

 

Ички иштер министрлиги массалык иш-чараларды чагылдырууда журналисттерди өздөрүнүн коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Маалыматтык агенттиктерде Медиа полиси институтунун ички иштер министрин шайлоо учурунда журналисттердин укугун коргоого чакырган кайрылуусу жарыяланган. Анда ички иштер министри Улан Ниязбековго алдыда өтө турган президенттик шайлоодо журналисттерди коргоого чакырып, ЖМКнын өкүлдөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгү өзгөчө шайлоо процессин чагырдырууга керек экендиги белгиленген. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен менен өз ара аракеттенүүгө ар дайым жогорку деңгээлде өзгөчө көңүл буруп келгендигин белгилейт. Сөз эркиндиги демократиялык мамлекеттин ажырагыс бир бөлүгү болуп санала тургандыгына да өзгөчө баа берет.
Мурда Медиа полиси институтунун демилгеси менен 2013-жылы Бишкек ШИИББ менен ЖМКнын өкүлдөрүнүн ортосунда "Бишкекте тынчтык митингдерин өткөрүү учурунда жалпыга маалымдоо каражаттары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптери жөнүндө" меморандумга кол коюлган.

Ички иштер министрлиги ЖМКнын өкүлдөрүнө, журналисттерге коомдук иш-чараларга баруудан мурда ал жакка жаран катары же журналист катары бара жаткандыгын тактап алуусу керек. Анткени коомдук иш-чаранын катышуучусу менен журналисттин укугу ар башка. Мисалга алсак, журналист уруксат берилбеген иш-чараларды дагы чагылдырууга укугу бар, ошол эле убакта аны уюштуруулардын жана ага катышуучулардын да жоопкерчилиги калышы мүмкүн. Эгерде журналист уюштуруучу же катышуучу катары митингге келсе, анда митингдер жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык өзүн алып жүрүүсү керек. Ал эми митингди чагылдыруу үчүн келсе "ЖМК жөнүндө" мыйзамдын аракеттерине ылайык ишмердүүлүгүн жүргүзө берет.

Негизинен укук коргоо органдары массалык иш-чаралар учурунда журналисттерге тоскоолдук жаратпайт жана тоскоол болгон эмес. Журналисттер ички иштер органдарынын сыйлоо мамилесине ишеним көрсөтө берсе болот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: