super.kg logo

"Ырчы мырзалардын жоругу үчүн элимден кечирим сурайм". Маданият министри Курал Чокоевдин чуулгандуу долбоору боюнча билдирүү жасады

 

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп сынга кабылып, дарегине жаман пикирлер айтылууда. Артисттин интернетке жарыялаган видеосу боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Урматуу мекендештерим, тиги эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдүм. Айткан кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, “маданият кызматкери” деген атты жамынып, адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Бул экөө эмнеге мынчалыкка барганына такыр түшүнө албай турам. “Атың чыкпаса жер өрттө” дейин десем экөө тең мыкты өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматына

татып, узун элдин учуна таанылып калышкан.

Эгерде булар бизге караштуу мекемелерде, айталык, филармонияда, театрларда же окуу жайларда иштегенде заматта коштошмокпуз. Сөзүбүз кыска, чарабыз катаал болмок. Бирок өз алдынча ырдап жүргөн эркин ырчыларга тикелей чара көрүү рычагы, тилекке каршы, мыйзамдарда жок экен. Деген менен, андайларды адепке чакыруунун жолун, аргасын, буюрса, табабыз.

Кептин кыскасы мындай:

1. Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Бизге карабаган коомдук жана эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш, багыттама жиберебиз, буюрса.

2. Театралдык-оюн зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат.

3. Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ. Мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын билип, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка.

4. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз.
Азырынча, көрөр чараларыбыз ушулар. Анан да, ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдабасак болбойт окшойт. Антпесек, микрофон кармап, ырчы-чоорчу катары таанылгандын ар биринин кеп жебес тентектиги үчүн министрликти айыптоо кадыресе көрүнүш болуп барат.

Бирок эки жигит айыбын танбай, камчысын мойнуна салып, эли-журтубуздан кечирим сурайт деп ишенем. Айкөл элибиз кечирет. Ал тургай, өнөрү өссүн деп ак батасын берет. Эгер ушунча адамдын пикир-оюн капарга илбей, өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, ит үрө берет дегендей текеберденсе калың калктын назарынан калат.
Сураныч, булар минтиптир деп видеонун шилтемесин тарката бербесеңиздер. Жакшы ой менен жаманды жайылтууга себеп болбойлу. Жаратканым, бул жигиттердин, дегеле баарыбыздын уят, намыс, акыл жана жоопкерчилик сезимдерибизди күчөт", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
09.01.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылардын кобун тааныйм. Копчулугу маданиятсыз . Эркеги деле, Кызы деле
09.01.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне болгон эле?
09.01.2021. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Буларга комент жазгандан да уяласың.
09.01.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бок мурундардын кимиси эмгек сиңирди экен. Неге ушуга окшогон бокмурундарга наам берип, канчалаган эл сүйүп уккан, улуттук ар намысты даңтагаган инсандар наамы жок эле жүрүшөт? Ким таркаткан экен наамдарды?
09.01.2021. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура кыласыз Нуржигит мырза маданиятка жакын жолотпогонуңуз жакшы
09.01.2021. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куралдын бул кылгандары үчүн кыргызстандан кууп салгыла, мин кечирим сураса да, кечирим жок акмакка. Баламын көзүнчө көрүптүрмүн оозума келме келбей калды. Куралды тууган апасы баласынын кылганын көрүп эмне деди экен.
09.01.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Примбердиев Кайраттын эмне болуп эле элге эмгеги синип кеткен тушунбойм.Канчалаган эмгекти кылган Иляз Абдразаковдун сыйлыгы жок анан эле бир тузук ыры жок Кайраттын эмгеги синип кетет.Маданияттын жузун булганган будардын сыйлыктары артка кайрып алынышы керек.
09.01.2021. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул гейлерди олтуруш керек, кыргызстандан кууп чыгып орттоп жок кылыш керек. Ким президент болсо дагы ушуларга жазага тартыш керек.
10.01.2021. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экөө тең болбогон балдар. Буларды уккан деле адам жок, кереги деле жок. Чокойдун да аркы кайраттын да бир көзгө сүртөөр ыры жок чындап карасаң. Сөгүнүп жүрө беришсин.
12.01.2021. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79, боорду эздиңер, азаматсыз!
10.01.2021. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Примбердиев голос шоуго катышкандан кийин эмгеги синип кеткен болсо керек менин оюмча 2 орунду ээлегенден кийин.
12.01.2021. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуржигит мырза азаматсыз. Мурунку маданият министрлери мындайга маани бербеген үчүн биздин маданият өкүлдөрү маданиятсыз болуп кеткен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: