Бишкектеги №1316 шайлоо участкасында алгачкы добуш берген жаран: "Өлкөм өнүксүн деп таң эрте келдим"



Бүгүн, 10-январь күнү өлкөдө президенттик шайлоо башталды. №1316 шайлоо участкасында саат 08:00дө мамлекеттик гимндин коштоосунда добуш берүү башталды.
Шайлоочулардын дене табы текшерилип, бет кап кийип санитардык эрежелерди сактоо менен алгачкы добуш берүүчүлөр келишүүдө. Өзүн Бахтияр деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну эң биринчилерден болуп добушун берди. "Буюрса, шайлоого жакшы ниеттер менен өлкөбүзгө татыктуу президентти шайлап алалы деп таң эрте келдик. Татыктуу башчыбыз болсо мамлекетибиз кризистен чыгып, келечегибиз, өлкөбүз өнүгөт деген ишенимим бар", - деп сезимдери менен бөлүштү алгачкы добуш берген жаран.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:23
2021-01-28
16:00
2021-01-21
11:23
2021-01-21
21:29
2021-01-20
20:03
2021-01-20
12:48
2021-01-20
11:51
2021-01-20
11:10
2021-01-20
10:48
2021-01-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.