super.kg logo

Саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Шайлообек Ниязов 75 жашында дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун мурдагы министри, Эмгек сиңирген дарыгер, саламаттыкты сактоонун жогорку квалификациялуу уюштуруучусу Шайлообек Ниязов 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 8-январда каза болду.

Шайлообек Ниязов 1946-жылы 15-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Торпок айылында туулган.

1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1972-жылы Майлуу-Суу медициналык окуу жайында хирургия мугалими болуп баштаган. Андан кийин Майлуу-Суу шаардык бириккен ооруканасына амбулатордук жардам көрсөтүү боюнча башкы дарыгердин орун басары болуп которулган.

1980-1984-жылдары Майлуу-Суу жана Кара-Балта медициналык окуу жайларынын директору болуп иштеген. 1987-жылы Калинин борбордук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери, ал эми 1991-жылы Чүй облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы кызматына көрсөтүлгөн.

2000-жылдын январь айынан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп иштеген.

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри, 2007-жылдын апрелинен тартып кайрадан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалган.

Шайлообек Ниязов баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, үй-бүлөлүк медицинаны киргизүү, стационардык кызматты кайра уюштуруу жана рационалдаштыруу, каржылоо тутумун өзгөртүү боюнча саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча Улуттук программаларды жүзөгө ашыруу боюнча өлкөнүн лидерлеринин бири болгон.

Саламаттыкты сактоо тутумундагы көп жылдык ак эмгеги жана коомдук турмушка активдүү катышкандыгы үчүн 1983-жылы "Саламаттыкты сактоонун отличниги" төш белгиси менен сыйланган, 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы ыйгарылган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Шайлообек Ниязовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: