super.kg logo

Ош шаарынын мэри: "Күн сууктугуна байланыштуу адамдардын шайлоого келүүсү аз болуп жатат"

 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов президенттик шайлоо жана референдумда добуш берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

"Бүгүн, 10-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда №5555 шайлоо участогунда өз добушун берди", - деп билдирди Абсаттаров.

Ал эми Таалайбек Сарыбашов: "Өзүңүздөр билгендей, Ош шаарында 78 шайлоо участкасы бар. Катталган шайлоочулардын жалпы саны - 151 миң. Саат 8ден баштап шайлоо жараяны башталып, күндүн сууктугуна байланыштуу адамдардын келүүсү да аз болуп жатат. Азыр 11лерден баштап активдүү катыша баштайт деп ойлойбуз", - деген шаар мэри.






Ош шаарынын мэри: "Күн сууктугуна байланыштуу адамдардын шайлоого келүүсү аз болуп атат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: