super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыз жарандары Орусиядан унаа аларда ойлонуп алышса" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Токтобек Бапышов аттуу окурман кайрылды. Ал Орусияда сатылган унаалар боюнча Кыргыз жарандарына билдиргим келет деп буларды айтып берди.

"Орусиянын унаа сайттарында Кыргыз номердеги автоунаалар байма-бай сатылууда. Мен да ошол сайттардан унаа алуу үчүн баш багып, арзанына кызыгып документтерин биздин "Carcheck" сайтынын базасынан текшерсек, таптакыр башка унаа болуп чыгып жатат. Өкүнүчтүүсү аны биздин жарандар билбестен сатып алып, көптөгөн чыгымдарга учурап жатат.

Ал тургай жолдо келе жатып милиция кызматкерлери текшергенде ал документ жасалма экенин айтып, камалып да кетип жатышат. Кылмыштарга да ошол биздин номердеги автоунаалар менен кармалып биздин мамлекеттин беделине шек келтиришүүдө. Балким, ушул маалыматты Орусиядагы мекендештерибиз окуп унаа аларда ойлонуп калышар", - дейт Бапышов.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.01.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо авитодо акыркы айларда арзан срочно сатам, акча керек деп кыргыз номерлери менен машина кобойуп кетти эле.
10.01.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба өткөндө менин бир жездем да мактанып аткан арзан машина чыгып калды кайним тайота альфард алдым 400 000 ге зарыгып аткан экен деп кийин эле гаиге алдырып койду документи ни то экен деп көрсө ушундай машина экен да. Жакшы маалымат экен.
10.01.2021. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой болуп баштаганына бир жылдан ашты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: