super.kg logo

Дубай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия. Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары 24 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

 

Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары 24 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда өткөн брифингде тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

"Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесине 49 миң 481 шайлоочу киргизилди. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого караганда шайлоочулардын саны 51 пайызга көбөйдү. Чет өлкөдөгү алгачкы шайлоо тилкеси Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03.00дө Түштүк Сахалинск шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кеңсесинин аймагында ачылды. Учурда өлкөдөн тышкары жайгашкан 24 шайлоо тилкесинде добуш берүү улантылып жатат. Убакыттын айырмачылыгына байланыштуу чет өлкөдөгү 24 шайлоо тилкесинде добуш берүү кийинчерээк башталат. 44 өлкөдөн 35 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочу өз ишин улантууда. Ошондой эле 11 өлкөнүн атынан 96 ЖМК өкүлдөрү өз иштерин жүргүзүп жатышат", - деди Мадмаров.

Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары төмөндөгү мамлекет жана шаарларда добуш берүү башталганы маалымдалды.

  • Сахалинск, Владивосток, Якутск, Новосибирск, Алматы, Дубай, Гуанджо, Иркутск шаарларындагы элчиликтерде;
  • Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы, Кореядагы, Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы, Индиядагы, Тажикстандагы, Малазиядагы элчиликтеринде.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: