Ош облусу боюнча 512 шайлоо участкасы ачылганы айтылды
Ош облусу боюнча 512 шайлоо участкасы бар. Алай районунда 43, Араван районунда 47, Кара-Кулжа районунда 47, Кара-Суу районунда 154, Ноокат районунда 101, Өзгөн районунда 103, Чоң-Алай районунда 17. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 6 миң 496. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын жалпы саны 722 миң 933: Алай району 48 миң 512, Араван району 77 миң 122, Кара-Кулжа району 48 миң 835, Кара-Суу району 243 миң 950, Ноокат району 147 миң 188, Өзгөн району 139 миң 397, Чоң-Алай району 179 миң 29 адам.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана имараттан сыртта шайлоого катыша тургандардын, шайлоочулардын саны 4 миң 412. Алай району 512, Араван району 343, Кара-Кулжа району 420, Кара-Суу району 703, Ноокат районун 1 миң 500, Өзгөн району 770, Чоң-Алай району 164 адам. Бардык шайлоо участкаларына берилүүчү автоматтык эсептегич урналары даяр. Компьютер жана орг техникалар менен камсыздалды. Генераторлор менен камсыздоо боюнча, облустагы 512 участкада бүгүнкү күнү 100 пайыз камсыз болду.
512 шайлоо учаткасы интернет байланышы менен толук камсыз болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары облустагы 512 шайлоо участкалары имаратты жылытуучу аппараттар жана движоктор менен камсыздалган. Облустун аймагындагы шайлоо участкаларын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.

