super.kg logo

"Бүгүнкү күн өтө жооптуу күн". Баткен шаарынын мэри добуш берди

 

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов жарандык милдетин аткарып, Баткен шаарындагы №8074 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, калаа мэри бүгүнкү күн өлкө үчүн тарыхый жана өтө жооптуу күн экенин айтып өттү.

"Урматтуу шайлоочулар, бүгүнкү күн өлкө үчүн тарыхый жана өтө жооптуу күн. Андыктан ар бириңиздерге татыктуу талапкерди тандап алууну каалайбыз. Бул күнү ар бирибиз тартипти, санитардык талаптарды сактоо менен, шайлоого активдүү катышып, тынч жана ийгиликтүү өтүүсүнө салым кошолу. Шайлоонун жыйынтыгы, өлкөгө, элге пайда алып келген болсун. Мамлекетибиз өсүп-өнсүн, заманыбыз тынч болсун", - деген шаар мэри Мамыржан Рахимов.

Пандемияга байланыштуу шайлоо тилкелеринде жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Баткен шаарында 10 шайлоо участкасы, 15 миң 595 шайлоочу бар.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: