Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: "Президент жана башкаруу формасы үчүн добуш бердим"



Бүгүн, 10-январда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга келип, өз тандоосун жасады.
Маалыматка ылайык, ал №1209 участкасында добуш берген.
"Жарандык милдетимди аткардым - президент жана башкаруу формасы үчүн добуш бердим. Саат 12:00дө калктын 10% жетпеген саны шайлоого катышты. Форма-2 жок болсо, калктын добуш берүү активдүүлүгүнүн чыныгы сүрөтү көрүнүп турат. Урматтуу мекендештер, келечек ар бирөөңүздүн колунда- сиздерди кайдыгер болбой, добуш берүүгө чакырамын", - деп жазат Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Ал эми кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга турганы кабарланды.
Элвира Сурабалдиева шайлоого катышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.