super.kg logo

Нарында жол кырсыгы катталып, 63 жаштагы жаран каза болду

 

Нарын районундагы унаа жолунда Ат-Башынын тургуну каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-январь күнү саат 12:15 чамасында Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Бишкек-Торугарт автожолунан, тагыраагы, Нарын районунун Шаркыратма аймагынан Ат-Башы районунун 63 жаштагы Ы.Б. аттуу тургуну өзүнө тиешелүү Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен түштүктөн түндүктү карай бара жатып Тойота-Эстима үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшүп, жол кырсыгына учураган.

"Натыйжада Ат-Башы районунун тургуну 63 жаштагы Ы.Б. окуя болгон жерден денесинен жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандан кийин каза болуп калган. Ал эми Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасында жүргүнчү катары бара жаткандар. Ат-Башы районунун тургуну 20 жаштагы Ж.Ж. денесинен жаракат алып хирургия бөлүмүнө жаткырылган, дагы бир 42 жаштагы Ж.Т. аттуу жүргүнчү Ат-Башы аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ошондой эле Тойота-Эстима үлгүсүндөгү автоунаанын 43 жаштагы Т.Б. аттуу айдоочусу Нарын облусунун наркология бөлүмүнөн спирт ичимдигин ичип же ичпегендигин аныктоочу протоколу түзүлүп, мас абалы аныкталган эмес", - деп билдирди маалымат катчы.

Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: