Орусиядагы шайлоо тилкелеринин дареги (тизме)







10-январда Москва убактысы боюнча саат 08:00дө Москва шаарында 5 шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн Москва шаарындагы шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардын тизмелери алардын аты-жөнүнүн алфавиттик тартиби боюнча бөлүштүрүлгөн.
1. №9001 шайлоо тилкеси - Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метросу) дареги боюнча Орусия Федерациясындагы Кыргыз Элчилигинин аймагында. Большая Ордынка 62/1 дарегиндеги Большая Ордынкадагы кафенин имаратында. Фамилиялары А тамгасынан Б тамгасына чейин башталган жарандар.
2. №9005 шайлоо тилкеси - Орусия Федерациясындагы Кыргыз Элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары В тамгасынан К тамгасына чейин башталган жарандар.
3. №9015 шайлоо тилкеси - Орусия Федерациясындагы Элчиликтин аймагында, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары Л тамгасынан М тамгасына чейин башталган жарандар.
4. №9016 шайлоо тилкеси - Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу). Фамилиялары Н тамгасынан С тамгасына чейин башталган жарандар.
5. №9017 тилкеси - Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу).
Фамилиялары Т тамгасынан Я тамгасына чейин башталган жарандар.

