super.kg logo

Түркияда Кыргыз жарандары добуш берүүдө (фото)

 

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 10-январда жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.

"Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөө иш-чараларынын алкагында жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркиянын тиешелүү мекемелери менен жарандарынын президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган. Ага ылайык, шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз жарандары участокто добуш бере алышат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: