"Жеңишке жетүү үчүн шайлоого катышып жатам" дейт Бабыржан Төлбаев
Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинде жайгашкан №1213 шайлоо участогунда добуш берди. Ал шайлоо процесси боюнча көз карашын билдирип, экинчи тур болоруна үмүтү чоң экенин айткан.
Талапкердин айтымында, шайлоочу кайсы жерде болбосун, өз тандоосу үчүн добуш бериши керек Төлбаев экинчи турда президенттикке ат салышчу талапкерлердин бири болууга ниеттенип жаткандыгын билдирген.
Талапкер ошондой эле добуш берүү таза жана ачык өткөнүн көрсө, шайлоонун бардык жыйынтыктарын тааный тургандыгын кошумчалаган.
Эгерде ал өзү шайланбаса, шайланган мамлекет башчынын командасына кошулар кошулбасы тууралуу суроого жооп берип жатып жеңишке жетерине үмүтү чоң экенин билдирген.
"Биз жеңерибизге ишенип турабыз", - деген Төлбаев.
Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев добушун берди.

Тольбаев Бабыржан Латиханович аты-жөнүнө караганда кыргыз эмес болуш керек, 1-орун С.Жапаров, 2-орунду Б.Тольбаев, 3-орунду А.Мадумаров алат. Божомолдоо.