super.kg logo

Даталардын дал келүүсү. 2013-жылдын дал ушул күнү депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча сот иши башталган

 
2013-жылдын 10-январында Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча сот иши башталган. Аталган 3 депутат 2012-жылы Бишкектин борбордук аянтында “Кумтөр” алтын кени боюнча митинг уюштурган. Жолугушуу аяктагандан кийин Ташиев жан-жөкөрлөрү менен Ак Үйдүн тосмосун ашып кирген.
2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сот "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30- жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.
Туура 8 жылдан кийин өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Ал кезде абакта отурган саясатчылардан Талант Мамытов учурда президенттин милдетин аткарып жатса, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. Ал эми Садыр Жапаров бүгүнкү күндө президенттик жарыштын фавориттеринин бири.
Дагы бир кызыктуу жагдай - жогорудагы 3 саясатчы күнөөлүү деп табылган митинг 2012-жылдын 3-октябрында өткөн. Ал эми өткөн жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо өлкөдө элдик толкундоолордун башталышына алып келип, 3 саясатчынын мамлекеттик жогорку кызматтарга ээ болуусуна шарт түзгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
10.01.2021. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Забордон секиргендер бийлике келишти. Онолбойбуз булар менен
10.01.2021. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушулар коргон нерселерди корсоткондор да корсун эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: