"Стамбулда нөшөрлөп жааган жамгырга карабай мекендештер шайлоого активдүү катышып жатат" дейт мекендешибиз



Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугунда дагы, тагыраагы №9035 шайлоо участогунда өлкөдөгү президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаардан мекендешибиз Лира Жолчиева жеринен шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
"Түркияда жүрүп биринчи жолу шайлоого катышып жатам. Мыйзам бузууларды байкаган жокмун. Жалпысынан 780 шайлоочу катталган экен. Биз дагы өзүбүздүн добушубузду бердик. Стамбул шаарында дем алыш күндөрү карантин жарыялап койгон, көчөгө чыгууга болбойт. Бирок биздин элчилигибиз Кыргыз жарандарына уруксат алган. Ошого бүгүн шайлоо участогуна келип, добуш берип жатабыз. Стамбулда нөшөрлөп жамгыр жаап жатканына карабай кыргыздардын шайлоого активдүү катышканын көрүп жатам. Баары өз жолу менен кетип жатат", - деп билдирди мекендешибиз Лира Жолчиева.

