super.kg logo

Имамидин Ташов: "Президенттик башкарууга добуш бердим"

 

Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Имамидин Ташов мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого жана референдумга Бишкектеги №1119 шайлоо тилкесинде добуш берди.

"Мен касиеттүү кыргыз элиме ишеним менен бүгүн таңымды атырдым. Анткени,октябрда тарых жасаган көрөгөч, эртеңки күнгө кайдыгер эмес кыргыз эли бүгүн дагы ошол күнгө жыйынтык берет деген үмүттөмүн. Эң татыктуу президентти кыргыз элибиз тандап алат деп ишенем. Талапкерлердин баары эле элибизге, жерибизге пайдам тийсе дегендер. Экинчи тур болуп калышы да толук ыктымал болуп турат. Кандай болгон күндө да, буюрса кечинде Орто Азиянын эң жаш президенти болдуң деген жакшы кабарды күтөбүз", - деп билдирди Ташов.

Белгилей кетсек, президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Ал эми кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга турганы кабарланды.






Имамидин Ташов: "Президенттик башкарууга добуш бердим"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: