ИИМ: "Шайлоо тилкелеринде кырдаал туруктуу, милиция коомдук тартипти камсыздоодо"

Маалыматка ылайык, азыркы учурда шайлоо тилкелеринде коомдук тартиптин бузулушу катталган жок. Милиция кызматкерлери 2420 шайлоо тилкелеринде коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздап жатышат.
"2020-жылдын декабрь айында шайлоо алдындагы кампанияны жана шайлоону өткөрүү маалында иш-аракеттердин комплекстүү планы иштелип чыккан. Планга ылайык, 280 ашык документтештирүү топтору түзүлгөн. Шайлоо алдындагы кампаниянын башында бузуулар жөнүндө 70 ашык билдирүүлөр каралып, алардын ичинен 9 факты (7 кылмыш, 2 жорук) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүү күнү шайлоо тилкелеринде жана өлкө аймагында кырдаал туруктуу. Коомдук тартипти бузуу катталган жок. 8-январдан баштап милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкен. Ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашууда. Шайлоо тилкеринде 5000 ашык кызматкер коопсуздукту камсыздап жатат.
Азыркы учурда маалыматтарды каттоо журналына 14 материал катталды, алар:
Ош облусу-2,
Бишкек шаары-9,
Ысык-Көл облусу-1,
Талас облусу-1,
Жалал-Абад облусу-1.
Бардык маалыматтар текшерилип жатат жана анын көбү БШКнын компетенциясына тиешелүү билдирүүлөр болууда. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтар катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.