super.kg logo

Биринчи айым болууга бир кадам... Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар

 

Кечээ, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алдыда талапкер Садыр Жапаров келе жатат. SUPER.KG порталы Садыр Жапаров шайлоодон утуп чыкса, биринчи айым боло турган Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду. Маалыматтар ачык булактардан жана Айгүл Асанбаеванын Садыр Жапаров эркиндикке чыга электе берген маектеринен алынды.

1. Айгүл Асанбаева учурда 47 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Беш баланын энеси. Алар: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт, кызы Жанайым.

2. Тун уулу Дастан 27 жашында, 2019-жылдын август айында жол кырсыгына кабылып каза болгон.

3. 2020-жылдын сентябрь айында алып баруучу Назира Айтбековага берген маегинде: "Биз түндүк-түштүк деп эч качан бөлүнбөшүбүз керек. Алакандай жерибизди куш деп элестетсек, түндүк анын бир канаты, түштүк бир канаты. Куш бир канаты жок болсо уча албай калат", - деп айткан.

4. Садыр Жапаровго карата саясий куугунтук башталганда жолдошу менен үч жыл чет өлкөдө жашаган. Үй- бүлөсү менен Польша, Орусия, Кипр мамлекеттеринде жүргөнүн айткан.

5. Садыр Жапаров камалгандан кийин "Мекенчил" партиясына мүчө болгон.

6. 1992-жылы февраль айында келин болуп барган.

7. Алты келиндин экинчиси.

8. Садыр Жапаров Айгүл Асанбаева менен 1990-жылы таанышкан. Анда Айгүл Асанбаева 18 жашта, Садыр Жапаров 23 жашта болгон. Классташ кыздары менен жаратылышка эс алууга чыкканда достор аркылуу таанышышкан.

9. 20 жаштагы баласы Рустам камалып калганда ортомчулар аркылуу Раиса Атамбаевага кайрылган. Бирок ал жыйынтык берген эмес.

10. 2019-жылы уулу Рустам үйлөнгөн. Садыр Жапаров менен Айгүл Асанбаева 2019-жылы Саара аттуу неберелүү болушкан.

11. Медициналык училищени аяктагандан кийин Ишеналы Арабаев атындагы университетке тапшырган. Ал жактан жогорку педагогикалык билимге ээ болуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
11.01.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул женебиз Садыр акебизди ар дайым жакшы колдоп турса дем күч берип,кыйын иштер да жеңил бүтүп кетет...мен өз турмушума салыштырмалуу айтып жатам..
12.01.2021. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял жакшы Эр жакшы деп коебу? Аялы дагы акылдуу аялдай корунот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: