super.kg logo

Атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Жапаровду куттуктай башташты, жыйынтыкты тааныбайбыз дегендер да бар. Бардык кызыктар бир шилтемеде (хронология)

 

Бүгүн, 10-январь мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

Өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн 20:00гө чейин иштеди. Азыркы тапта болжолдуу жыйынтыктар чыгарылып жатат.

SUPER.KG порталы шайлоо күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды 1 шилтемеге топтойт. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!


Башынан / Аягынан Маанилүү

2021-01-10 23:20

"Мен өлкөдө мыйзамдуулук орун алмайынча күрөшө берем", - дейт Адахан Мадумаров.

2021-01-10 23:06

"Мурун шайлоо жасалма жол менен өтүп келген, бул жолу таза өттү", - деген пикирин Садыр Жапаров жыйын учурунда билдирди.

 

2021-01-10 22:55

Президенттикке талапкерлигин койгон Абдил Сегизбаев шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып чыкты.

2021-01-10 22:34

Президенттикке талапкерлигин коюп,  шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча алдыда келе жаткан Садыр Жапаров маалымат жыйын берери күтүлүүдө. SUPER.KG  порталы маалымат жыйынды түз алып көрсөтүүдө. Азыркы тапта Садыр Жапаровдун орундукка келип, маалымат жыйынды баштоосу күтүлүүдө.

 

2021-01-10 22:24

Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы болуп, элине боору ооруп жатканын билдирди.

2021-01-10 22:20

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына шайлоонун жыйынтыктары боюнча комментарий берди.

2021-01-10 22:13

"Нааразы болуп кимдин тарапташтары чыгып жатканы боюнча маалыматым жок, көпчүлүктүн добушун сыйлайлы" - деген пикирин Садыр Жапаров маалымат жыйын берип жатып айтты. 

2021-01-10 22:10

Президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов бүгүн, 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Бул тууралуу Асанов маалымат жыйын учурунда айтты.

"Мен бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Себеби Ош шаарындагы ар бир тилкеде жүргөн тарапташтарым ыйлап кабар берип атат", - дейт Асанов.

2021-01-10 22:04

Референдум боюнча 1 миллион 376 миң 958 шайлоочу добуш бергени маалымдалды.

2021-01-10 22:00

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров эл Садыр Жапаровду колдобогонун билдирди.

"Эл Жапаровду колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары фейктер. Социалдык тармактарда аны колдоп жазгандарды өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек, кандай деңгээлде жазып жатканын. Жакында эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жапаровдун штабында 300дөй компьютер менен отургандарын айтып чыгышкан”, - деди ал.

2021-01-10 21:40

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн штабынан маалымат берип жатып билдирди.

Ал мындан кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып элге эксперимент жасагандар менен аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

 

2021-01-10 21:24

Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы болуп, элине боору ооруп жатканын билдирди.

2021-01-10 21:08

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын берип, БШКга эч жактан басым болбогонун билдирди


2021-01-10 20:57

Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын-ала алынган маалыматтар берилип, президенттик башкаруу формасы 81.17 пайыз  добушка ээ болду.


2021-01-10 20:53

"Ала-Тоо" аянтында музыкалык аппаратуралар орнотулуп, ыр жаңырып жатканынан Бишкек мэриясы кабардар эмес экени маалымдалды.

2021-01-10 20:52

Өлкөдөгү президенттик шайлоо өнөктүгүндө жалпы 7 кылмыш иши козголгонун ички иштер министри Улан Ниязбеков брифинг учурунда айтты.

2021-01-10 20:43

Анда Жапаров Садыр Нургожоевич 79.59 пайыз добушка ээ болгону жана башка талапкерлердин жыйынтыктары айтылды.

2021-01-10 20:40

Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын-ала алынган маалыматтар чыкты. Бул тууралуу маалымат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тааныштырды.

 

2021-01-10 20:24

 

 

Саат 21:20га карата Садыр Жапаровго 1 миллиондон ашык жаран добуш берген.

2021-01-10 00:00

Президенттик шайлоого 1 миллион 376 миң 719 жаран добуш бергени маалымдалды.

2021-01-10 00:00

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн штабында маалымат жыйын берүүдө.

Анда ал ага добуш берген жарандарга ыраазычылык айтып, "Өлкөнү өнүктүрөм деген кыялымды ишке ашырбасам мени атам, апам баламдын арбагы кечирбес", - деген пикирин билдирди. 

.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
10.01.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ой сен Адахан суйлобочу , бут эле садыр деп журот го
10.01.2021. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жыгылган күрөшкө тойбойт. Сен качан эле утчу элең. Дайыма аркада и дайыма недовольный
10.01.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек адам женилгенди да билиш керек
10.01.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адахан ушинтип абройун кетирип алды мен Садырды колдодум фейки жок эле ичи таар кызганчак экен Адхан
10.01.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ооба тарыхта мындай добуш алышкан эмес анткени алар сатып алышчу добушту.Бул жолкусу тарыхта биринчи жолу таза шайлоо болду,биринчи жолу элибиз сатылбай өз тандоолорун жасашты.
10.01.2021. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элдин баары эле Садырга беребиз деп жургон. Садыр аябай асылдыго баары эле оздору омуру акча жебегендей болуп. Бул да кудайдын буйруго
10.01.2021. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эл өзү Садыр Жапаровду тандады.Чындыкты айтса чычалайт болуп ичтери өрттөнүп жатышпайбы шайлоону таныбайбыз деп ар нерсени былжырашып.
11.01.2021. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мадумаров дайым отпой калат,элге боор оорусаныз эми тополон кылбай кысчу жеринизди кысып отурунуз тынч!!!Ишенейли ошондо.
11.01.2021. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо мен да ФЕЙК экенмин да ээ?!
11.01.2021. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Мадумаровду ар дайым колдоп келгенмин. Бул жолкусунда Жапаровко колдоо корсоттум.Омуру акчага добуш саткан эмесмин.эркекче
11.01.2021. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи жолу таза шайлоо болду себеби мурункудай четке тартып мыноо акчаны алып мыноону шайлап кой дегенди корбодум бугун.Ылайым элибиз онугуп особерсин
11.01.2021. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бюллетень колума тийери менен президенттике талапкердин тизмесин карабай туруп №1деги Садыр Жапаровко добушумду бердим.Анткени Садыр Жапаров элдин тандоосу эч кандай фейк эмес,фейктерди билбейм,эл таза шайлоону откоргонуно кубанып журот.Шайлоодо женилгендер тааныбаса койсун аларды и так эл тааныбайт,эл Садыр Жапаров менен деп ойлойм.
11.01.2021. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уйунордо туз барбы ###### алсанар
11.01.2021. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Мадумаров неге ичи тардык эле кыла берет. Жапаровду жети дубан эл колдоду. Бул Мадумаров туулганына нааразы адам экен да байкуш.
11.01.2021. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай, Адахан Кимсанбаевич, Сегизбаев экөөңөрдүн шайлоону тааныбаганыңардан Садыр Нуркожоевичтин кылы кыйшайып калмак беле? Эл таанып жатканда, Сегизбаев экөөңөрдүн тааныбаганыңар иттин үргөнү, желдин жүргөнү да!
11.01.2021. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул биздин тандоо ал Садыр Жапаров
11.01.2021. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурумдо биринчи корушум тундук туштук бир Азаматты тандаганын
11.01.2021. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров өтүп кеткенде шайлоо таза болду демек.
11.01.2021. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан бул жолу болуп корбогондой абройун жоготту, эгер жон акчакалдай болуп калыс карап кечке жамандап "вечно недовольный" болбогондо жок дегенде бир кашык абройун сактап калмак, эми бутту сенин кунун, тил мн иш бутпойт, бирок оратор жактан эчкимди алдына салбайсын моюнга алыш керек, бирок ушуга чейин корунуктуу эл учун бир иш кылган жоксун да, ошон учун сенин баркын 6% болду. Жапаров айколдук жактан озун корсотту эч кимди каралабай калыс суйлоп, эми иш мн корсотсун эл ишенимин актап.
11.01.2021. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм эмнелерди эле айтып атышат. Биздин айылдагылар Жапаровту шайлашты ага добуш коп болду. Жапаров айтмакчы угуттогон деле эч ким жок болду. Ал эми ата энем жашаган айылда да Жапаровко берген добуш коп болду. Анан эмне эле эл шайлабады деп эле айнып атышат билбейм
11.01.2021. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтпөй калган талапкерлер 5 жыл былтындашат эми баары жакшы болот буйруса былтындап былтындап каласыңар да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: