Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү Орусияга жетти
Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү Орусияда катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова "Россия 1" каналына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, вирустун мындай мутациясы Улуу Британиядан кайтып келген орусиялыктарды текшерүү учурунда бир адамдан байкалган. Андан аныкталган вирустун анализдерин изилдөөнүн жүрүшүндө штамм Улуу Британияда октябрь айында катталган вирус менен бирдей экендиги белгилүү болду.
Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Деги вирустан кутула турган күнүбүз болоор бекен