super.kg logo

Казакстандагы парламенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаевдин партиясы жеңишке жетти

 

Кечээ, 10-январда коңшу Казакстанда парламенттик шайлоо өттү. Анда Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы эң көп добуш ала алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, кечээ, 10-январда казакстандыктар башкаруучу партияны шайлашты. Анда жалпы беш партия ат салышты. БШКнын маалыматы боюнча, парламенттик шайлоого шайлоочулардын 63,3 пайызы катышты. Анда бийликтеги "Нур Отан" партиясы 71,97 пайыз менен алдыда озуп чыкты. Экинчи орунду "Ак Жол" демократиялык партиясы 10,18 пайыз добушка ээ болсо, үчүнчү орунду 9,03 пайыз добуш менен "Казакстан Элдик партиясы" ээледи. Ошентип Казакстандын мажилисине (парламентине) шайлоого катышкан беш партиянын үчөө мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү боло алат. Ал эми "Айыл" партиясы (5,75 пайыз) жана "Адал" партиясы (3,07 пайыз) добушка ээ болушту.

Казакстандын биринчи президенти "Нур Отан" партиясынын төрагасы Нурсултан Назарбаев партиялаштарын жеңиши менен куттуктады.

обуш берүү күнү Алматы шаарында нааразычылык акциясы болуп, анын катышуучулары добуш берүүнү легитимсиз деп эсептешти. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, полиция 100гө жакын активистти кармады, андан кийин алардын бардыгы бошотулду", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: