Түркиянын президенти Эрдоган WhatsApp мессенжерин колдонуудан баш тартты

Маалыматка караганда, мындай чечимдин кабыл алынышына мессенжердин купуялык саясатындагы өзгөрүү себеп болгон.
"Эми Түркия президентинин администрациясы WhatsApp мессенжеринде мурун түзүлгөн бардык топторду "Turkcell Iletisim Hizmetleri AS" компаниясына таандык BiP тиркемесине өткөрүп берет. Эрдогандын маалымат кызматы журналисттерди бул көрүнүштү үлгү катары алып кетүүгө үндөдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары Facebook мессенжерине кээ бир маалыматтарды бөлүшүп турууга милдеттүү болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.