"Аба ырайы жылуу болуп ЖЭБден бөлүнүп чыккан түтүн азайды". Интернетте айтылып жаткан кептерге "Электр станциялар" коомунун жообу
Интернетте "аба ырайы жылуу болуп Бишкек ЖЭБи азыраак иштеп, асман ачылды" деген пикирлер, божомолдор айтылууда. Мындай маалыматты "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева туура эмес дейт.
Айтымында, мындай кептерди ЖЭБдин иштөө принцибин такыр түшүнбөгөн адамдар эле айтса жарашат.
"Ооба, күн жылыды, асман ачылды. Бирок азыркы учурда Бишкек ЖЭБи электр энергиясын иштеп чыгуу жаатындагы ѳтѳ жоопкерчиликтүү ролду аткарып жатат. Себеби быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан биз сууну үнѳмдѳп жатабыз. Кышта кар аз жаагандыктан суу сактагычтагы суунун агып келиши ѳтѳ тѳмѳн бойдон калууда.
Мындай шарттарда башка ГЭСтерге жана ЖЭБге оор жүк келип жатат. Мунун бардыгы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн жасалып жатат. Бишкек шаарынын ЖЭБи бир суткада саатына 10 миллион киловатт электр энергиясын иштеп чыгат. Бул шарттарда кѳмүрдү пайдалануу да ѳсѳт. Бирок биздин бардык кѳрсѳткүчтѳр ченемден ашпай иштеп жатат", - деди ал.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.