super.kg logo

Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган

 

9-январь күнү Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Долон айылынын чет жакасында жайгашкан кашардан күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "Адам өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, айылдын 38 жаштагы тургуну А.Д. окуяны айтып берген. Анын айтымында, 9-январь күнү болжол менен саат 8.00 чамаларында анын улуу агасы 45 жаштагы А.А. уюлдук телефон аркылуу чалып, 40 жаштагы аялы А.Г.ны кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп алгандыгын билдирген. Кашарга барганда уктоочу бөлмөдө жеӊесинин жансыз денесин тапкан, ал эми агасы болсо "көк таш" жана неоцидол дарыларын ичип, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет көргөн, мындан улам карындашы милицияга кабарлаган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аялы менен күйөөсү өткөн жылдын ноябрь айында уруша кеткендиктен өзүнчө жүрүшкөнү аныкталган. Ушул жылдын 6-январында кайрадан элдешип, аял күйөөсүнүн кашардагы үйүнө келип чогуу жашап жатышкан. 9-январда кызганычтан улам чыккан уруштан күйөөсү келинчегин муунтуп өлтүрүп алгандан кийин, өзүн да өлтүрүүгө аракет көргөнү аныкталган. Учурда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан күйөөсү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыктан, айыккандан кийин кылмыш жасоого эмне себептер болгонун аныктоо боюнча сурак өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары улантылып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: