Ошто уюлдук телефон сатуучу дүкөндү тоногонго шектелип өзбек жарандары кармалды






Ошто уюлдук телефон сатуучу дүкөндү тоногонго шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-январь күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 25 жаштагы М.С. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда Оштогу Абсамат Масалиев атындагы проспектисинде жайгашкан "Цифровик" аталыштагы уюлдук телефон сатуучу дүкөнүндө арыз ээси иштеп жаткан учурда белгисиз, кебетеси азиялык болгон төрт атуул беттерине медициналык бет каптарын тагып киришип, зомбулук көрсөтүп, денесине залал келтиришип, дүкөндө сатыкта турган кымбат баалуу мобилдик телефондорду тоноп кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе окуяга тиешеси бар деген шек менен Өзбекстандын жараны 24 жаштагы А.Ж., 19 жаштагы Р.А. 18 жаштагы У.А. 21 жаштагы К.М. кармалып, күбөлөрдүн катышуусунда шектүүлөргө тинтүү жүргүзгөн учурда жанынан түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондору, бир даана бүктөмө бычак, "ПМ" үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн тапанча табылган. Буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Шектүүлөргө карата сурак иштерин жүргүзгөндө алар өздөрүнүн жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алышып, Өзбекстандын Андижан облусунан Ош шаарынын аймагына 7-январда чек арадан мыйзамсыз өтүшүп, 8-январь күнү "Цифровик" дүкөнүнө каракчылыка киришкенин жана Өзбекстанга кете турган ойлору болгонун билдиришкен. Каракталган буюмдардын бир бөлүгүн сатып үлгүрүшкөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн Жалал-Абад облусунда да ушундай эле каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда бул топтун башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Arslan11

11.01.2021. 13:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы озбектер границаны алжайтып ачып койгуло общий дом кылып бугун тоноду ертен олтуруп кетет
Arslan11 түзөттү 2021-01-11 13:59:43
altinbe

11.01.2021. 14:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бизде чек ара козомол жок баары чек арадагы бизнеси менен алек жапса бизнеси токтойт.шордуу элди ойлогон жараан жок.обший дом кылып койдуго.
Asmat84

11.01.2021. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзбекстан менен чек араны ачпаш керек. Кыргыздарга эч кандай пайдасы жок бүт эле наркылар кирип чыгышат
batleybesh

11.01.2021. 17:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,Кандай ою бузук адамсын, сага окшогондорду айынан Россия, Казахстан да границасын жаап койсочу?, ойлонуп суйлосон, кыргыздар чет элге чыкпай журообу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.