Социалдык өнүгүү министрлигине арыз менен кайрылгандардын 41,8 пайызы Бишкектин тургундары
Социалдык өнүгүү министрлигине арыз менен кайрылгандардын 41,8 пайызы Бишкектин тургундары. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Министрликтин коомдук кабылдамасына жыл башынан бери 942 жаран кайрылган. Ал эми арыз менен 660 жаран кайрылыптыр. Министрлик Өкмөттүн аппаратынан 135, ЖКнын депутаттары тарабынан 113 тапшырма алган. Президенттик аппараттан 67 жана башка министрликтерден 93 арыз жиберилген. Коомдук кабылдаманын жетекчиси Тамара Султанбекованын айтымында, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик жөлөк пул, жеңилдиктерди берүү, материалдык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүү, майыптык топту аныктоо көйгөйүн айткандар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

