Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы: "Кыргыз өлкөсүндө шайлоо таза өттү"
Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону тааныды. Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Владимир Норов басма сөз жыйынында билдирди.
"Биз президенттик шайлоого жана референдумга даярдык учурунан тартып, жыйынтыкталганга чейин көз салдык. Президенттикке талапкерлердин, референдум боюнча үгүт топторунун баарына бирдей шарт түзүлгөн. Шайлоо мыйзамга ылайык, так өттү. Биз шайлоону таза өттү деп эсептейбиз", - деди Норов.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январь күнү өттү. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, президенттик башкаруу формасы жана Садыр Жапаров алдыда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:23
2021-01-28
16:00
2021-01-21
11:23
2021-01-21
21:29
2021-01-20
20:03
2021-01-20
12:48
2021-01-20
11:51
2021-01-20
11:10
2021-01-20
10:48
2021-01-18
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.