Нарында -26 градус суук болот. 12-январга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +9…+14;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +6…+11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +9…+11.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.