super.kg logo

Жалал-Абадда укук коргоо кызматкерлери баңгизат кылмышына шектелүүдө

 

Жалал-Абад ОИИБине 2-октябрда Нурбек жана Санжар аттуу укук коргоо кызматкерлери баңгизат сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Бул боюнча ИИМдин ыкчам чара көрүү кызматы 3-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Некрасов жана Жамбыл көчөлөрүнөн мамлекеттик номуру жок Мерседес унаасын токтотуп, андагы шектүү эки жаранды кармоого аракет кылышты. Бирок алар унаанын терезесинен баштыкчаны ыргытып, окуя болгон жерден белгисиз багытка качып кетишкен. Баштык ыргытылган жерди текшерүү учурунда скотч менен оролгон кутучалар табылып, ичинен 1 килограмм 910 грамм баңгизат чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө качып кеткен жарандын бири ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизатын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери экени аныкталды. Экинчи шектүү жаран да аталган кызматтын мурдагы кызматкери экен. Учурда аталган жарандарды кармоо иш-аракеттери жүрүп жатат.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырлар кой кайтарып атканда чабандар билип калган турбайбыыы, аа тузук! Анан кантип онолобуз туугандар!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: