Бишкектеги "Орто-Сай" базарында 10 мыйзамсыз соода түйүндөрү алынды



Бишкектеги "Орто-Сай" базарында 10 мыйзамсыз соода түйүндөрү алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Орто-Сай" базарынын аймагында жана Юнусалиев, Сүйөркулов чектешкен көчөлөрүндө стихиялуу соода менен күрөшүү иштери улантылууда.
"Бүгүн рейдке биз милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен чыктык, 10 мыйзамсыз соода түйүндөрү жоюлду жана шаардык бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Тротуарлардагы жана жол жээгиндеги мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча текшерүү дайыма өткөрүлүп жатканы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.