Бүгүн, 11-январь, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
БШКнын төрайымы шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берди
Баарыбызга белгилүү болгондой, кечээ 10-январда өлкөнүн президентин шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. Президенттик тактыга аттангандардын ичинен Садыр Жапаров алдын ала жыйынтыктар боюнча ат чабым алдыда келе жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын акыркы маалымат жыйынында автоматтык эсептөөчү урналардын 98 пайызынан маалымат келип түшкөнүн билдирип, анда шайлоочулардын 79.18 пайызы Садыр Жапаровду колдогонун белгиледи. Экинчи орунда келе жаткан Адахан
Мадумаровдун добуштары азырынча 6,69 пайыз.
БШК төрайымы маалымат жыйынында мындан сырткары добуш сатып алуу фактыларына, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгондугунун себептерине токтолду.
"Бүгүн эртең менен ыкчам координациялык топтун мүчөлөрү айтып кетти. Добуш сатып алуу боюнча фактылар аз болду. Аймактардан бир, экиден маалымат түштү. Ал маалыматтар текшерилип жатат. Мурдагы шайлоодон бир күндө добуш сатып алуу боюнча 147 кайрылуу түшкөн. Шайлоого катышкандардын саны реалдуу. Менин оюмча, мурда добуш сатып алуулар шайлоочулардын активдүүлүгүнө таасирин тийгизчү. Анализдеп көрсөк 10-15 пайыз шайлоочулардын активдүүлүгү добуш сатып алуудан таасир этчү. Андан тышкары башка факторлор бар. Бирок бул эң негизги фактор", - деди Шайлдабекова.

Шанхай Кызматташтык уюму шайлоо таза өткөнүн билдирди
Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону тааныганын аталган уюмдун баш катчысы Владимир Норов басма сөз жыйынында билдирди.
"Биз президенттик шайлоого жана референдумга даярдык учурунан тартып, жыйынтыкталганга чейин көз салдык. Президенттикке талапкерлердин, референдум боюнча үгүт топторунун баарына бирдей шарт түзүлгөн. Шайлоо мыйзамга ылайык, так өттү. Биз шайлоону таза өттү деп эсептейбиз", - деди Норов.
Мындан сырткары ал миссиянын дарегине даттануулар жана арыздар түшпөгөнүн белгиледи.
"Мындагы шайлоо болушунча ачыктыкты көрсөттү. Миссиянын мүчөлөрү 50дөй шайлоо тилкесинде болду. Байкоочулардын атынан биздин миссиянын дарегине арыздар жана даттануулар түшкөн жок", - дейт ал.

Клара Сооронкулова шайлоонун жыйынтыгын тааныса Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов тааныган жок
Президенттикке ат салышкан жалгыз айым Клара Сооронкулова үгүт өнөктүгүндө Садыр Жапаровду сындап келгени менен президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын билдирди.
"Юридикалык жактан алып караганда шайлоо өнөктүгүндө башынан эле мыйзам бузуулар көп болуп жатты. Бул тууралуу биз БШКга да билдирип жаттык. Мыйзам бузуулар көбүнчө Садыр Жапаровго тийиштүү болду. Андыктан юридикалык шайлоонун жыйынтыгы таанылбашы керек. Ошол эле маалда моралдык жактан алып караганда президенттикке ат салышкан бардык талапкерлерден шайлоочулардын арасында популярдуулукка ээ болгон талапкер Садыр Жапаров болгонун моюнга алуу керек. Жапаров бул шайлоодо фаворит болгонун мен да моюнга алам. Бирок Жапаров буга өтө деле сүйүнбөшү керек дейт элем. Себеби шайлоого шайлоочулардын 33 пайызы гана катышты. Эл Садыр Жапаровду тандады, демек, аларга дагы жоопкерчилик жүктөлдү. Шайлоодон ким утуп келбесин өлкө үчүн өтө оор учурда келет деп айтып келгем", - деди ал.
Мындан тышкары Клара Сооронкулова президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болгону менен, Референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.
"Референдумду башынан эле тааныбайм. Азыр дагы ошондой ойдомун. Анткени аны легитимсиз Жогорку Кеңеш дайындады. Процедуралар туура эмес жүргүзүлдү. Азыркы референдумду мен калкты алдоо деп эсептейм. Бир персонага тууралоо деп ойлойм" , - деди Сооронкулова.
Эл эми Адахан Мадумаров шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн штабынан маалымат берип жатып билдирди.
Ал мындан кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып элге эксперимент жасагандар менен аягына чейин күрөшөрүн билдирип, шайлоонун жыйынтыгы бат чыгып жатканын алдын ала даярдалган программа деп атады.
"1 жарым миллион жаран парламенттик шайлоого катышканда алгачкы жыйынтыктар бир топ сааттан кийин, тагыраагы, арадан күн өткөндөн кийин белгилүү болгон. Азыр болсо добуштар алгачкы мүнөттөрдөн тартып заматта эле чыгып жатат. Бул деген алдын ала даярдалган программа. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында талапкерлер Жапаровдой көп добуш алган учур болгон эмес. Аларда аз да болсо тартынуу деген болгон", - дейт Мадумаров.
Президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов да президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Бул тууралуу Асанов маалымат жыйын учурунда айтты.
"Мен бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Себеби Ош шаарындагы ар бир тилкеде жүргөн тарапташтарым ыйлап кабар берип жатат. Башка талапкерлерди айта албайм, бирок мен Ош шаарынан көп добуш алышым керек эле. Кайсы бир шайлоо тилкесинен 2 добуш алыптырмын. Андай болбойт. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды. Ошондуктан мен шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин", - деди Курсан Асанов.

Садыр Жапаров аянттан элге кайрылды
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып бүтө электе эле борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында музыкалык аппаратуралар орнотулуп, кандайдыр бир иш-чарага даярдык көрүү башталды. Бирок, шайлоо күнү ал жерде эч кандай иш-чара орун алган жок. Атаандаштарынан алдыга озуп келе жаткан талапкердин тарапташтары ал жерге бүгүн чогулушуп, Садыр Жапаровдун кайрылуусун угушту.
"Мындан ары көчө оппозициясы болбойт" деген Жапаров колдоочуларын жана оппоненттерин көчөдөн кыйкырбоого чакырып, көйгөйлөрүн иш-бөлмөгө келип айтууга чакырды.
“Бул жеңиш менин жеке жеңишим эмес, сиздердин жеңишиңиздер! Мындан ары өлкөдө адилеттүүлүк менен иш алып барабыз. Буга чейин башка оппоненттер айтып жаткандай диктатура деген болбойт. Сөзсүз түрдө мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн гана диктатурасы болот. Сиздерге добуш берип, ишеним артканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Сиздер ар бир кылган ишиме баа берип, туура эмес кылсам туура жолго буруп туруңуздар. Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Кандай гана иш алып барбайлы, улуттук долбоордун деңгээлиндеби же башка иш болсун баары ачык болот. Кимде ким каршы чыга турган болсо, биз аларды көчөдө эмес, өкмөт үйүнө чакырып, ачык-айкын маселени талкуулаганга даярбыз. Мындан кийин Кудай буюрса, көчө оппозициясы болбойт. Оппоненттер жана башка жарандар көчөгө чыгып кыйкырбастан биздин иш бөлмөгө келип, отурумдарга катышып, ошол жерден оюн айтканга биз шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык негизде иш алып барабыз. Мурдагыдай иш бөлмөдө бекинип алып, жалгыз кишинин же бир топтун кызыкчылыгы үчүн иш алып барбайбыз”, - деди Жапаров.
Мындан сырткары, Садыр Жапаров президент катары толук кандуу ишке киришкенден кийин, атаандаштарын баарлашууга чакырарын айтты.
"Президенттик шайлоого аттанган биздин мекенчил, эр-азаматтарыбызга ыраазычылгымды билдирем. Талапкерлердин бардыгынын саясий салмагы, тажрыйбалары бар. Алар дагы эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөбүздү өнүктүрсөм деген ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды ушул тилектери үчүн сыйлайм. Кудай буюруп президент катары толук кандуу ишке киришерим менен атаандаш талапкерлерди акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип, баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айыңдан эл турмушу оңолуп кетпейт. "Бөлүнгөндү бөрү жээр" дегенди унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек", - деди ал.

Кубатбек Боронов суракка чакырылды
Экс-премьер министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, эртең, 12-январда Боронов пандемия учурундагы өлкөнүн даярдыгынын алсыздыгы жана анын кесепети жарандардын өлүмүнө алып келгени боюнча Финполго сурак берет.
Каржы полициясынын басма сөз кызматы Бороновдун суракка келишин тастыктап, бирок тергөөнүн эрежесине ылайык кенен маалымат азырынча берилбей турганын билдирди.
Буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булагына таянып, Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада коронавирус илдетинен дарыланып жатканын жазган.
Андан кийин Кубатбек Боронов үй-бүлөсү менен коронавирус илдетин
жеңип чыккан.