super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларды кайрадан ыйгарат

 

Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.

Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:

  • Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
  • Мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
  • Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
  • Мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.

Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан тарта квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.

2017-жылдын 5-октябрындагы №648 токтомунун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:

  • Жогорку категория үчүн – 2000 сом;
  • Биринчи категория үчүн – 1500 сом;
  • Экинчи категория үчүн – 1000 сом.

2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99 миллион 700 миң сом каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2021. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо диплом ала элек.Студенттер иштеп жатышса же садикте иштеген мугалимдергеда каралабы.Урматтуу Супер инфо жооп алып берсениздер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: