super.kg logo

Каракол шаарынын мэри жарылган тез тамактануучу жайдагы окуяны жеке көзөмөлүнө алып, текшерүү иштерин баштады

 

Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев кечээ, 10-январда жарылган тез тамактануучу жайдагы окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу укук коргоо органдарына чукул чогулуш өткөргөн.

"Биз сөзсүз түрдө ким күнөөлүү экенин аныктап чыгабыз. Бирок азыр тергөө жүрүп жатат. Бул окуянын орун алганы өтө өкүнүчтүү. Андыктан азыр шаардагы бардык жайлар катуу көзөмөлгө алынып, текшерилсин. Мен кыздын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыштым. Кыздын жакындарынын абалын көрүп туруу аябай кыйын болду. Андыктан прокуратура бул ишти жеке көзөмөлгө алышы керек", - деди Жумаев.

Буга чейин мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев өрттөн каза болгон Нурайым Аманкалиеванын жакындарына жана туугандарына көңүл айткан. Кечээ, 10-январда Каракол шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жай жарылып 6 адам ар түрдүү жаракат алып, бир кыз каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: