"Жаңы ажобуз менен!", "Жакшылыктар кут болсун!". "Ала-Тоо" аянтындагы концертте сүйлөгөн ырчылардын сөздөрүнөн
Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында президенттик шайлоодо атаандаштарынан алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары концерттик иш-чара уюштурду.
Концертке белгилүү "Айкөл" тобу, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Сыймык Бейшекеев, Асел Турдалиева, Гүлзинат Суранчиева, Гүлзада Рыскулова, Райхан Абдувалиева жана башка өнөр адамдары катышты.
Сахнага чыккан артисттер жаңы ажолуу болушу менен элди куттуктап жатышты. Алардын сөздөрүнөн:
Райхан Абдувалиева: "Биз бул күндү канча жыл күттүк. Кудай бар экен, мен ошого ишендим. Буюрса, Садырыбыз, ажобуз мыкты президенттерден болуп Кыргыз өлкөсүн өнүктүргөн, өстүргөн мыкты мамлекетке айлантсын".
Асел Турдалиева: "Жаңы жылыңыздар менен! Жаңы ажобуз менен! Бүгүн бизде майрам, жеңиш".
Гүлнур Сатылганова: "Жакшылыктар кут болсун, кыргыз элим. Баарыңыздарга жакшы маанай каалайм!".
Иш-чарадагы алып баруучулук тизгинди куудул Назира Жетигенова, ырчы Элдос Алмаз жана актёр Өмүрбек Исраилов колго алышты.





1 |