"Садыр кыргызга кырсык алып келет. Мен кутулдум эми өзүңөр күрөшкүлө". Арстан Алай мындан ары кыргызды "улуу эл" деп айтпай турганын билдирди
Президенттикке талапкерлигин койгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шайлоо тууралуу пикирин айтты.
"Саламатсыздарбы кыргыз эли? Улуу журтум деп айтканга да болбой калды, мындан ары кыргыз эли деп эле айтам. Кечээ шайлоо болуп өттү. Мен маани берген деле эмесмин, бүгүн мага акыркы орунду алганымды айтышты. Сооронбай Жээнбековго "доордун талабын билбейсиң, мен сени сактап калгым келип жатат ошондуктан бийликти мага өткөрүп бер десем уккан эмес. Аягы эмне болгонун көрдүңөр.
Бүгүн журналисттер Садыр жеңди, буга кандай дейсиз деп келишиптир. Садыр жеңген жок. Бир кезде Сооронбай жеңген. "Соке досум, бактылуу бол" деп Алмазбек Атамбаев бата берген. Кийин эмне болду? Эл кыйналып, 3 жылда кыргызды артка тартып койду. Эл эмоцияга түшүп, ар кандай вирустар пайда болду. Ошол сыяктуу эле азыр Садыр жеңген жок. Ал кыргызга кырсык, кыйынчылык, азап гана алып келет.
Менде күнөө жок, мен сабагымды өттүм, мээримимди төктүм. Элдин алдында бардык милдеттеримди аткарып бердим. Кечээтен бери түштөрдү көрүп, менин жашоом абдан бейпил болуп жатат. Ошондуктан мен карызымдан кутулдум. Арстан Алай кутулду, эми эл карыз деген аян бар. Кыргыз эли, эми өзүңөр күрөшкүлө. Техника менен, бийлик менен кырсыкты, кыйынчылыкты токтотуп көргүлө. Аалам күчтүүбү же түрмөдөн чыккан адам күчтүүбү байкап көргүлө", - деди Арстан Алай.
Арстан Алай кыргыз элине кайрылды





















1 |