Мэрия: "2020-жылы "Тулпар" карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны 3 жарым миллион сапарды түздү"
2020-жылы "Тулпар" карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны 3 миллион 500 сапарды түздү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардыктар 140 миңге жакын көк стандарттык "Тулпар" карталарды сатып алышты, бишкектиктердин жеңилдетилген категориясы 42 миңден ашуун кызыл карталарды акысыз, ал эми дээрлик 10 миң мектеп окуучулары жашыл карталарды алышты.
"2020-жылдын 1-мартында "Тулпар" тутуму толугу менен иштей баштады. Башында COVID-19 пандемиясы менен байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, шаардыктар "Тулпар" карталарын жакшы кабыл алышты", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Өткөн жылы борбор калаанын мэриясы Швейцариянын "BPC" компаниясы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автобустар менен троллейбустарга "Тулпар" электрондук билет сатуу долбоорун ишке ашырган.



1 |