super.kg logo

Эртең Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата иш-чара өтөт

 
Эртең, 12-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу, композитору Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара эртең, 12-январда саат 12:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында өтөт.
"Учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат", - деп жазылат маалыматта.
Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, Жалал-Абад театрында баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, ага байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
Рыспай Абдыкадыров 1988-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ал 360га чукул обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда Эл агартуунун отличниги деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин ырчынын Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган.
12-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: