super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 90 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 12-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 90 миллион 872 миң 905 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 50 миллион 243 миң 832 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 943 миң 943 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 22 миллион 612 миң 384 болду. 376 миң 51 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 466 миң 595 адамдан аныкталды. 151 миң 160 адам каза болсо, 10 миллион 92 миң 909 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 131 миң 612 адам вируска кабылган. 203 миң 580 бейтап көз жумса, 7 миллион 273 миң 237 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: