super.kg logo

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

 

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсүнүн мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын билдирди. Ал эми Садыр Жапаров Өзбекстандын президентине коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

“Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм", - деп жазылат өзбек лидеринин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум болуп өттү.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: