super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2021-жылы калктын коронавируска каршы иммунитети пайда болбой турганын билдирди

 

Дүйнөгө жайылган COVID-19 илдетине каршы калктын иммунитети быйыл пайда болбойт. Мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Адистин айтымында, айрым өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан коронавируска каршы эмдөө белгилүү бир популяциядагы инфекциянын жайылышына каршы турган жеке иммунитетти пайда кыла албайт.

"Колдонулуп жаткан вакциналар аялуу катмардагы адамдарды инфекциядан коргой баштаган күндө деле 2021-жылы калктын иммунитети пайда болбойт. Баары бир айрым өлкөлөрдө аялуу катмардагы адамдар ооруга чалдыга берет.

Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда укмуштуудай өсүшкө жеттик. Бир жыл мурда эле илдетке каршы вакцинанын бир канча түрү иштелип чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Вакциналар бардык мамлекеттерге жеткиликтүү болот, биз сабырдуу болушубуз керек", - деген ал.

Ошондой эле уюмдун өкүлү коронавирустан коргонуунун эрежелерин сактоону улантуу керектигин эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: