super.kg logo

Казакстанда парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыяланды

 

Коңшу Казакстанда болуп өткөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10-январда казакстандыктар башкаруучу партияны шайлашты. Шайлоого жалпы беш партия ат салышкан. Аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, парламенттин мажилисине депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.

"Жалпы шайлоочулардын саны 11 миллион 919 миң 241 болгон. Бюллетендерди 7 миллион 539 миң 280 адам,
же 63,25 пайыз кабыл алышты. 7 миллион 241 миң 562 шайлоочу саясий партияларга добуш берди. Акыркы
жыйынтык боюнча, 2021-жылдын 10-январында өткөн партиялык тизме боюнча шайланган Парламентти
Мажилистин депутаттарын шайлоодогу добуштар бөлүштүрүлдү. "Нур Отан" - 71,09 пайыз, "Ак Жол" - 10,95 пайыз, "Казакстан Элдик партиясы" - 9,10 пайыз, "Айыл" - 5,29 пайыз, "Адал" - 3.57 пайыз, Үч тарап 7 пайыздык тоскоолдуктан өттү.

Мажилиске кирген партиялар арасында депутаттык мандаттар бөлүштүрүлдү. Алар 76 мандат "Нур Отан" партиясына, 12 "Ак жол", 10 "Казакстан элдик" партиясына. Ошондой эле Казакстан элинин ассамблеясынын 9 депутаты", - деп жазылат маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: