super.kg logo

Ага-ини Жээнбековдор отурумга келген жок. Жогорку Сот Ош ОИИБинин мурдагы жектекчисинин иши боюнча чечим чыгарды

 

Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровдун мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттануусу каралып жатканы маалымдалган.

Бул иш боюнча сот өкүм чыгарып, анда иш боюнча экинчи инстанциянын чыгарган чечими күчүндө калганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Абдылда Капаровдун жактоочусу Майрамбек Жумабеков төмөндөгүлөргө токтолду.

"Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Абдылда Капаровдун даттануусу боюнча процесс саат 10.30да башталган. Ага мурдатан эскертилип, чакыртылган Жээнбековдор келишкен жок. Бирок жактоочусу жана алардын атынан келген өкүлү катышты. Биз бул иш боюнча бардык жүйөлөрдү келтирдик. Мурдагы инстанциянын Капаровго карата чыгарган чечими негизсиз экенине далилдерди бердик. Жогорку Сот баары бир буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырып койду. Абдылда Капаров күнөөлүү болгондой болуп калды" , - дейт жактоочу Жумабеков

Эске сала кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровго байланыштуу материалдын ишин 2020-жылдын 16-декабрында карап баштаган. Анда мурдагы өлкө башчы Сооробай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары чакырылганы маалымдалган.

Окуянын чоо-жайы:

2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо", "Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген 250 миң сомго жакын каражатты төлөп бербегени үчүн кайрадан соттолгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сот эмне кылсын анан.кракодил учат десе учат дейт да
12.01.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Капаров деген тынчыбады, тынчыбадыда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: