super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин иш кагаздарын кыскартты

 

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар документтерди кыскартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министрликтин былтыркы жылдын 28-декабрындагы №1097 "Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругунда төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:

  1. Көчүрүү экзамендерине байланыштуу документтер (9-11-класстардагы мамлекеттик аттестациялоонун документтеринен башкалары);
  2. Мугалимдин портфолиосу;
  3. Өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы;
  4. Аткарылган иштер боюнча фото отчёттор;
  5. Микро участок боюнча балдардын маалыматтарын топтоо;
  6. Аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды жана бланктарды толтуруу;
  7. Окуу кабинетинин паспорту;
  8. Пландалбаган иш-чараларга, мааракелерди өткөрүүгө жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга байланыштуу документтер.

Эске салсак, документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы өлкөбүздүн педагогдорунан Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн кайрылуулар менен байланыштуу.Анда мугалимдердин убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчётторду, документтерди толтурууга кетип жатканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2021. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыго. дагы да кыскартсанар жакшы болот
13.01.2021. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
университеттердикин да кыскарткыла, лекцияга даярданганга убакыт жок, кечке эле рп, омк деп отурушат, журналдар да ашыкча
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: