Боронов 5 сааттан ашык сурак берди. Ага-ини Жээнбековдор соттук отурумга келген жок. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын жыйындысы бир шилтемеде
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына сурак берип чыкты. Сурактан кийин ал журналисттердин суроосуна жооп берди.
Бороновдун айтымында, ал суракка күбө катары чакырылган.

Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровдун мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттануусу каралып жатканы маалымдалган.
Бул иш боюнча сот өкүм чыгарып, анда иш боюнча экинчи инстанциянын чыгарган чечими күчүндө калганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Абдылда Капаровдун жактоочусу Майрамбек Жумабеков төмөндөгүлөргө токтолду.
Эске сала кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровго байланыштуу материалдын ишин 2020-жылдын 16-декабрында карап баштаган. Анда мурдагы өлкө башчы Сооробай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары чакырылганы маалымдалган.
2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо", "Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2017-жылы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген 250 миң сомго жакын каражатты төлөп бербегени үчүн кайрадан соттолгон.
Бүгүн, 12-январда Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жакында бир катар кызмат адамдары суракка чакырыларын, алардын иштери тергелерин айтты.

Садыр Жапаров президенттик инаугурациядан кийин өкмөт башчылык милдетин өткөрүп берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров шайлоодон уткандыгы расмий жарыяланса, өкмөт башчылык кызматына кайтып келбейт.
Маалым болгондой, Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчы, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын вице-премьер-министр Артём Новиковго өткөрүп берген. Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго тапшырылган.



1 |