"Кайтып келеби?". UFC уюмунун президенти Хабиб Нурмагомедовду дагы бир беттешке чыгууга көндүрөрүн айтты
UFC уюмунун президенти Дана Уайт атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовду эми бир беттешке чыгууга көндүрүү үчүн баарын жасай тургандыгын айтты. Бул тууралуу Уайт америкалык басылмаларга берген маегинде айткан.
"Мен аны менен жолугушам. Анткени ал, албетте,дагы бир жолу беттешке чыгышы керек деп ойлойм. Хабиб октябрда Жастин Гэйтжини эмне кылганын көрдүңүздөр. Ал ар бир атаандашын эмне кылганын караңыздарчы. Мындан улам ал эми бир жолу беттешке чыгышы керек. Муну ишке ашырып, аны көндүрүш үчүн мен бардыгын жасайм", - деген Уайт.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.