super.kg logo

Бишкекте чет элдик жаранга каракчылык кылган деп шектелгендер кармалды

 

Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга каракчылык кылган деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Кытай жараны кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 13:10дор чамасында бет кап кийген жарандар Лермонтов көчөсүндөгү жеке үйгө мыйзамсыз кирип, физикалык күч колдонуп, 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттын жана iPhone маркасындагы уюлдук телефон жана документтерин алып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 28 жаштагы С.Д. жана 27 жаштагы Т.Ы. кармалган. Кармалгандар тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: