Куурчакка үйлөнгөн Казакстан жараны жубайынын көзүнө чөп салганын айтты



Куурчакка үйлөнгөн Казакстан жараны Юрий Толочко жубайынын көзүнө чөп салганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Толочко социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, "мен өзүмө жаңы эрмек таап алдым" деп жазган.
"Муну жубайыңыздын көзүнө чөп салуу деп эсептесе болобу" деген суроо салган комментарийге ал "ошентип эсептесе да болот. Жубайым ооруканада жаткандыктан чыдай албадым" деп жооп берген.
Нур-Султан шаарынын жашоочусу резина куурчакка үйлөнгөнү жатканын өткөн жылдын декабрь айында жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
Кийинчерээк ал жубайлыкка алган резина куурчагын сындырып алганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Юрий жашоодон адашкан адам.Мындай жанылыктар жаштарга терс таасирин бербейт деп ким ойлобойт.Балдарым ачпасын деп эми телефондорго код коёмун окшойт.